Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Баткен облусуна конбой калганы — чындык. Фактчекинг
- 1 неделя мурун
- Фактчекинг
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы Баткен облусуна конбой калгандыгы тууралуу пост бөлүшкөн.
Дал ушул эле посттун алдына туман болгондо мындай учур катталары тууралуу комментарий калтырылган.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү
Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 3-октябрда, Бишкек (FRU) — Баткен (BAT) каттамы менен Баткен облусуна учуп бармак. Авиакомпаниянын расмий баракчасындагы маалыматка ылайык, KGN151 рейси бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунан 11:25те учуп кеткен. Бирок сайтта каттамдын ишке ашпаганы көрсөтүлүп турат.
Биз бул боюнча маалымат алуу үчүн мекеменин басма сөз катчысы Алена Хоменкого кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:
“Асман аба жолдорунун” KGN151 рейси аба ырайынын начарлашына, туманга байланыштуу “Манас” аэропортуна кайтып келди. Аба-ырайынын өзгөрүшү күтүлбөй, учууга уруксат берилбегендиктен жүргүнчүлөргө жүктөрү кайтарылып берилди. Рейс эртең саат 15:00гө жылдырылды”, — дейт ал.
Ошондой эле, “Манас эл аралык аэропорту” ААК жүргүнчүлөргө төмөндөгүдөй билдирүү тараткан:
“Урматтуу жүргүнчүлөр!
Бишкек-Баткен багыты боюнча учкан “Асман аба жолдорунун” KGN151 рейси аба ырайынын начарлашынан улам “Манас” аэропортуна кайтып келе жатканын “МАМ” ААК билдирди. Учурда Баткен районунун тоолуу аймактары жарым-жартылай жабылып, көрүү 9000 метрди түздү.
Жүргүнчүлөрүбүздүн коопсуздугу — биздин приоритетибиз. Түшүнгөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз жана рейсиңиз тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн байланышта болууну суранабыз”, — делет билдирүүдө.
Расмий сайттын маалыматына ылайык, учак “Манас” аэропортуна саат 14:50 чамасында кайтып келген.
Буга байланыштуу биз Баткен облусундагы учурда аба ырайын текшерип көрдүк.
Азыркы учурда облустун аймактарында жаан-чачын болуп жаткандыгы чындык. Ошондой эле жакынкы эки саатта жаандын токтошу күтүлбөсү көрүнүп турат.
Туман жок болгону менен, булут 15:00 — 15:30 убакыт аралыгы үчүн 87-99%ды түзөт.
Көрүү деген эмне?
Көрүү бул учактын абадагы объектилерди, мисалы, башка учактарды же жерди, канчалык жакшы көрө аларын көрсөткөн көрсөткүч. Ал учактын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет. Көрүү метеорологиялык шарттарга (туман, жаан, кар) байланыштуу болот.
Авиациядагы эл аралык стандарттар көрүү боюнча минималдуу талаптарды белгилейт. Эгер ал төмөн болсо, учактын конушу токтотулушу мүмкүн.
Жыйынтык: Asman Airlines авиакомпаниясынын учагы аба ырайынын начарлашына байланыштуу Баткен облусуна конбогону — чындык.