Аскадан секирүү адам өлүмүнө алып келген. Fly Jump спорт  комплексинин жетекчиси үй камагына чыкты

  • 2 месяца мурун

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Fly Jump спорт комплексинин жетекчисин үй камагына чыгарды.

Ал 6-июлда Чуңкурчакта аркан менен аскадан секирген 39 жаштагы кишинин каргашалуу өлүмүнөн кийин кармалган.

Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.  

Fly Jump спорт комплексинин жетекчиси Н. А. кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин («Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү») 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда кылмышты жасаган деп айыпталууда.

Маалымат боюнча, бул кылмыш иши анча оор эмес кылмыштардын катарына кирет.

“Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 2024-жылдын 8-июлундагы токтому менен Н.уулу А.га карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы сот токтом кабыл алууда Н. уулу А. анча оор эмес кылмыш боюнча айыпталып жатканын, мурун соттолбогондугун, туруктуу жашаган жери бар экендигин, тек-жайы аныкталганын, үй-бүлөлүк абалын, мурун тергөө органдарынан жашырынбаганын негиз кылганы менен түшүндүрдү.

6-июль күнү Чуңкурчак капчыгайындагы Flajump спорт комллексинде 25 метр бийиктиктеги аскадан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 39 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгон. Окуя саат 13:30 чамасында катталган.

Бишкектин четиндеги Чуңкурчак капчыгайындагы Flajump спорт комллексинде болгон кырсыкка шектүү катары 28 жаштагы Н.А. аттуу жаран кармалган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты