Ашыкча чектөөлөр эмнеге алып келет?

Маалымат коопсуздугу деген шылтоо менен акыркы мезгилде сөз эркиндигине чабуул күчөп, акылга сыйбаган чектөөлөр кабыл алынууда. Буга чейин «Чет өлкөлүк өкүлдөр» же болбосо ЖМКга тиешелүү мыйзам долбоорлору күч менен коомчулукка таңууланып келсе, учурда Кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет айдыңында жалаа жана мазактоого айып пул киргизүу тууралуу мыйзам долбоору сунушталып, коомчулуктун талкуусуна коюлду. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин демилгеси менен «КР Укук бузуулар кодексине» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталып, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги башка министрликтер менен макулдашууларды жүргузүп, алардын пикирине караганда кемсинтүү жана жалаа жабуу деп кабыл алынган учурларда тараптарга айып пул салуу сунушталууда.

Эми сунушту талдап көрөлү. «Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске» 107-1 беренеси менен толуктоо сунушталууда. 1) Кемсинтүү же мазактоо, тактап айтканда жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайттарда же интернет айдыңында башка бир адамдын кадыр-баркына же өздүгүнө шек келтирүү деп кабыл алынса, жеке тараптарга 7500 сом, юридикалык тараптарга 23000 сом айып пул каралууда. 2) Жалаа, башка тараптын кадыр-баркына же өздүгүнө шек келтирүу деп кабыл алынса, жогоруда аталган тараптар үчүн айып пулдар чектелип, жеке тараптарга 10 миң сом, юридикалык тараптарга 28 миң сом өлчөмүндө айыптар салынат.

Ашыкча чектөөлөр эмнеге алып келет?

Кызыгып  көрсөк, бул демилге КР министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаровдун жеке демилгеси менен иштелип чыгып, ага КР Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясат министрлиги кол кабыш кылып жатыптыр. Жеке макала ээси үчүн бул жагдай тушүнүктүү. Эки-үч жыл аралыкта мен тараптан КР Министрлер кабинетинин башчысынын кебете-кешпирине карата айтылган жагдайлар болгон жана укук маселесин жакшы билген жаран катары аталган чиновникке өзү сот аркылуу маселесин кароо сунушу эл алдында бир нече жолу айтылган. Албетте, ал киши эл алдында сыр бербегени менен башка жолдорду издегени мына ушул мыйзам долбоорунан улам байкалат. Эми мынчалык кекчилдиктин зарылдыгы барбы?  Тактап айтканда, укуктук жактан алганда, ЖМК жана башка тараптарга мурда эле калыптанып калган укуктук чектөөлөр болгон жана мындан ары дагы ошондой эле болмок. Бирок бийлигине таянып, калган журналисттерден өч алуу ыкмасы колдонулуп жатканын көп сөзү жок эле түшүнүүгө болот.

Мыйзам долбоорду иштеп чыккан тараптардын пикирине карасак, интернет өнүккөн заманда сөз эркиндигине байланыштуу талаш жагдайлар арбын болуп, маалыматтык технология өнүгүп жана интернет кеңири колдонулганы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет колдонуучулар тарабынан мазактоо жана жалаа жабуу ашынып кетиптир. Бул коомдук мораль менен жеке адамдардын кадыр-баркына шек келире турган коркунучтарды жаратып жатыптыр. Мурдагы укуктук чектөөлөр жетишсиз болуп, элдин маалымат айдыңына болгон ишеними басаңдап жаткандыктан жаңыдан киргизиле турган чектөөлөр КР Конституциясына, учурдагы мыйзамдарга, жалпы принциптерге жана эл аралык укуктук нормаларга, ошондой эле КР мыйзамдарына шайкеш келген эл аралык келишимдерге дагы каршы келбейт экен. Суроо туулат, эгер Жарандык кодекстин 18-беренеси так эле ушул жагдайга арналса. тактап айтканда, кадыр-барк менен адамдын ишкердик беделин коргой турган укуктук чектөө ансыз деле бар болсо, күчөтүп зарылбы? Мурдагыдай эле сот аркылуу кадыр-барк жана ишкердик беделди коргой берүүгө болот. Тагыраагы, жогоруда айтылгандай, макала ээси деле КР министрлер кабинетинин төрагасына сунуштаган. Сотко баргысы келбесе эле жаңы мыйзам долбоорун сунуштай бериш керекпи? Мисалы, жеке мен анысына дагы, мунусуна дагы баш ийбейм. Анда аталган тараптар дагы мыйзам долбоорун сунуштайбы же кандай?

Эске салсак, 2012-жылы дагы Кыргызстанда жеке адамдын кадыр-баркына доо келтирилгендиги үчүн административдик айып пул салуу тууралуу демилге көтөрүлгөн. 2010-жылга чейин дагы ушул эле маселеге баш оорутушкан. Кайрадан суроо туулат. КР Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлиги айып пулдары төлөтүп, чиновниктердин кадыр-баркын коргоо үчүн кантип бүтүндөй жүктү өздөрүнө алат? Лингвистикалык экспертиза кантип жүргүзөт? Соттун чечими жок кантип айып пул салат? Анын аткарылышын кантип көзөмөлдөйт? Айтор суроо көп, ага деле болбой өкмөт башчынын жеке ызасына ортоктош болуу үчүн «бөйрөктөн шыйрак чыгарып», ансыз деле улам бир шылтоо менен сөз эркиндигине урулуп жаткан соккунун бир учун чоюп жатышкандай. Бул кимге пайда жана өлкөгө мындан утуш болобу? Менимче, жок. Абал кандай болсо, ошондой эле бойдон калат. Интернетти толук чектөө мүмкүн эмес. «Чет элдик өкүл» жана ЖМК тууралуу мыйзамдарды өзгөртүу деле ушундай баш аягы жок, чачкын иш-аракеттер менен коштолгон, жыйынтыгы эмне болду?

Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 33-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ар бир жаран маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, маалыматты пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жана башка түрдө таратуу укугуна ээ. Ошондой эле, Баш мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт, жалпыга маалымдоо каражаттары өз ишмердигин эркин жана мыйзамга ылайык алып барат. Кошумча айтсак, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жарандардын кадыр-баркына ар кандай жалаа жабууларды жөнгө сала турган нормативдик-укуктук актылар жакшынакай эле иштейт. Тактап айтканда, Жарандык кодекстин 18-беренеси менен жөнгө салынат. Аталган Жарандык кодекстин 5-беренесине ылайык, маалыматтын таралышы менен кетирген чыгымын, керек болсо моралдык деп эсептелген жагдайын каратууга мыйзам жол берет.

Ашыкча чектөөлөр эмнеге алып келет?

Ал түгүл, «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндөгү» деген КР мыйзамынын негизинде Маданият, маалымат, туризм жана спорт саясаты министрлигинде ЖМКларды, сайттарды блоктоп салуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлгөн. Ал эми укуктук жагдайдан алганда жаран же чиновник кайсы бир маалымат анын кадыр баркына шек келтиргенин өзү аныктап, сотко берүүгө материалдык жана моралдык чыгымын өндүрүүгө толук укугу бар жана муну кеңири пайдаланса болот. Кимди ким кармап отурат? Өкмөт башчы Акылбек Жапаров баш болуп, ошол укугунан пайдаланып, макала ээсин сотко берсе болот. Ал эми ЖМКларга улам эле укуктук чектөөлөрдү киргизип, жүдөтө берүү ашыкча. Автор: Канышай Мамыркулова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты