Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, кылмыш иши козголду

  • 14 часов мурун

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Арстанбап айылындагы селдин себептери жана шарттары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөп, анын жыйынтыгында бир катар мамлекеттик кызматкерлерге кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматта аныкталгандай, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдары тарабынан 2006-2019-жылдар аралыгында суу коргоо зонасында жайгашкан 15 жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен. Андан соң Арстанбап-Сай дарыясынын жээгинде бир катар соода объектилери курулган.

2024-жылдын 23-июлунда болгон селдин кесепетинен Арстанбап-Сай дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен ички чарбалык жолдордо сел жүрүп, имараттарды, соода объектилерди жана турак жайларды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал абалы түзүлгөн.

Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын, Арстанбап айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жана жеке жактарга  24 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде  кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Арстанбапта 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинаны агызып кеткенин, үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирген.

23-июлда саат 23:00гө карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында катталган селдин кесепетинен оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Сүрөт: Арстанбаптагы сел. ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты