Араван жана Алай райондорунун нотариустарына кылмыш иши козголду  

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан пара талап кылуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Ош облусунун Араван жана Алай райондорунун мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин Б.Г.Ш. жана И.Л.Ж аттуу нотариустары кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

 “Алар нотариалдык аракет процессин жасалма татаалдатуу жолу менен, өздөрүнүн укукка каршы аракеттери менен кайрылган жарандар үчүн кыйын абалды жаратып, нотариалдык документтерди тариздөөдө акча каражаттарын талап кылышкандыгы аныкталды.   Мындан улам 10-майда жана 17-июлда козголгон кылмыш иштеринин алкагында жогорудагы кызматкерлер кайрылган адамдардан акча каражатын өндүрүү учурунда кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат” деп айтылат маалыматта.

Араван жана Алай райондорунун нотариустарына кылмыш иши козголду  
Араван жана Алай райондорунун нотариустарына кылмыш иши козголду  

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты