Аракеттеги медиа платформасы шаардык сотту төрт журналист боюнча өкүмдү жокко чыгарууга чакырды  

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Temirov Live, «Айт Айт Десе» жана «Алга Медиа» журналисттери жана кызматкерлери боюнча чыгарган адилетсиз чечимине нааразычылыгын билдирип, шаардык сотту Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбековду эркинен ажыратуу жана Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго 3 жылдык пробациялык көзөмөл дайындоо өкүмүн кайра карап чыгып жана аларды жокко чыгарууга чакырды.  

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

-10-октябрда сот өзүнүн негизсиз чечими менен, Махабат Тажибек кызын 6 жылга, Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратты. Айке Бейшекеева менен Актилек Капаровго 3 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалды.

Бул өкүмдөр саясий себептер менен чыгарылган куугунтук катары бааланып, Кыргызстандагы көз карандысыз журналистикага карата репрессиянын ачык далили болуп саналат. Кылмыш жоопкерчилигине тартылып, адилетсиз соттолгон иликтөөчү журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгү мамлекетке коррупцияга каршы күрөшүүдө жардам берүүгө багытталган.

Алардын көз карандысыз иликтөөлөрү кызмат абалынан кыянаттык менен, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана мыйзамдарды бузуу фактыларын ачыкка чыгарууда. Журналисттер өз ишин аткаруу менен коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын маалымат алуу укугун жана бийликтин ачык-айкындуулук менен отчёттуулук принциптерин коргоп келишкен. Журналисттерди алардын кесиптик милдеттерин аткаргандыгы үчүн куугунтуктоо — бул Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана мамлекет өз мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерин бузуу болуп саналат.

Мындай аракеттер сөз эркиндигине коркунуч жаратып, коррупциянын жана мыйзамсыздыктын күчөшүнө алып келет. Журналисттерди мыйзамсыз соттоо коомдун сот системасына жана адилеттикке болгон ишенимин жоготот. Жарандарды ишенимдүү маалымат алуу укугунан, ал эми мамлекетти ар кайсы бийлик бутактарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү маанилүү инструменттен ажыратат.

Биз апелляциялык инстанция катары Бишкек шаардык сотун Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева жана Актилек Капаров боюнча чыгарылган өкүмдөрдү кайра карап, аларды жокко чыгарууга чакырабыз.

Сот органдары саясий түрткү менен чыгарылган чечимдерди кабыл албай, мыйзамга гана таянуусу маанилүү. Бул иште адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү Кыргызстан адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин тастыктаган маанилүү кадам болуп саналат.

Ошондой эле биз эл аралык коомчулукту жана адам укугун коргоо уюмдарын бул ишти, Кыргызстандагы журналисттердин укуктары жана сөз эркиндиги боюнча абалдын олуттуу начарлаганынын коңгуроосу катары көңүл бурууга чакырабыз. Эл аралык уюмдардын колдоосу өлкөдөгү адам укуктары боюнча жагдайдын мындан ары да начарлашына жол бербөө үчүн өтө маанилүү. Сөз эркиндиги — бул жөн гана журналисттердин укугу эмес, жарандык коомдун жана демократиянын иштешинин негизи.

Биз жарандык жана адам укуктарын коргоо боюнча бардык уюмдарды көз карандысыз журналисттерди коргоо жана сөз эркиндиги үчүн күрөшүүгө биригүүгө чакырабыз. Бул ар бир жаран үчүн чындык жана адилеттүүлүккө болгон укуктун ажырагыс бөлүгү.

Сөз эркиндиги жана адам укуктары саясий репрессиялардын барымтасына айланбашы керек. Журналисттер үчүн мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү Кыргызстанда жарандардын укуктары жана демократиялык баалуулуктарга берилгендигин сактап жана сыйлап келе жаткандыгын айгинелейт, -деп айтылат билдирүүдө.

10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча соттук отурумда чечим чыгарылды.   

Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.    

Сүрөт: Бектур Оргубаев/ ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты