Апшыр-Ата сайында сел агызып кеткен жаш баланын сөөгү табылды   

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Абшыр-Ата айылындагы (Үч-Терек конушу) Абшыр-Ата сайынан издөө иштеринин натыйжасында жергиликтүү тургундар тарабынан саат 15:50дө жаш баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Учурда табылган баланын тек-жайын тактоо иши жүрүүдө. Селдин кесепетинен 10 киши каза болгон.

Бүгүн, 1-июлда ӨКМден аталган сайга издөө үчүн 85 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 100 ашуун адам тартылган.

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Апшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган. Буга чейин селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9 кишиге жеткени кабарланган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты