Апшыр-Ата эс алуу жайынан 1400гө чукул эс алуучу эвакуацияланды

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалда министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары Апшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1400гө чукул эс алуучу эвакуацияланган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ал эми ӨКМдин тик учагы менен 21 адам эвакуацияланын, коопсуз жайларга жеткирилди.

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган.

29-июнда каза болгондордун саны 8 киши экени айтылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты