“Апрель” тележурналисти Юлия Кулешова милиция ал тууралуу жеке маалымат чогултуп жатканын айтты

  • 4 дня мурун

“Апрель” телеканалынын журналисти Юлия Кулешова өзү тууралуу күч органдары материал топтоп жаткандыгы тууралуу Фейсбук баракчасында билдирди.

“Шейшембиде биздин үй комитетине жаран катары эле кийинген милиция кызматкерлери мен тууралуу маалыматтарды сурашыптыр, ким менен жашайм, күйөөм барбы, болсо улуту ким?” деп. Ал кээ бир суроолорго жооп берип, калгандарын өзүнөн сурагыла дептир. Үйдө апам бар эле, бир сүрөттү көрсөтүп, “ушуну көрдүң беле?” деп бир кишинин сүрөтүн көрсөтүшүптүр. Апам “көргөн эмесмин” дептир. “Кызың ким менен жашайт?” деп сураптыр, “Үй-бүлөсү” менен дептир апам.

Ошондой эле Юлия Кулешова милиция кызматкерлерибиз дегендер, күбөлүгүн ушунча бат көрсөтүшкөндүктөн, алардын аты-жөнүн апасы билбей калганын билдирди. Ошондуктан адвокаттар кеңеш бергендей, ал келген кишилердин күбөлүгүндөгү аты-жөндөрүн карап коюуну сунуштады.

Журналист Юлия Кулешова “Апрель ТВда” “НеНовости” берүүсүн алып барат.      

Сүрөттө: Юлия Кулешова. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты