Анорексия мени айланчыктап калат окшойт                 

Анорексия деген эмне?

Нерв анорексиясы бул тамак ичүүнүн бузулушу. Анын кесепетинен адам арыктап кетет. Бул атайын же адамдын өзү тарабынан арыктоо же ашык салмактан арылуу үчүн жасалат.

Анорексия көпчүлүк учурда кыздар арасында кезигет. Адистер өзүн-өзү тамак ичирбей мажбурлоонун ар кыл түрлөрү бар экенин белгилешет.

Анорексия учурунда салмак кошуудан аябай айбыгып, ашык салмактан арылууну көксөгөн талап болот. Бул учурда адам өзүнүн турпатына терс баа берип, ашыкча болобосо да, салмак кошуудан коркуп, тынчсызданган абалда турат.

Тамак-ашты кабыл алуунун бузулушу — дүйнөнүн бардык элдерине эле таандык көрүнүш.  Тамак-ашты кабыл алуунун бузулушу адамдын жынысына, сексуалдык багытына, этникалык же географиялык абалына көз  каранды болбойт.   

Айрым маалыматтарга караганда, аялдардын 8,4%ы жана эркектердин 2,2%ында тамак-ашты кабыл алуунун бузулушу байкалат. Бирок 6%дан кем эмес адамдардын гана салмагы өтө төмөн болушу байкалат. Болжол менен алганда 10 200 өлүм учуру тамак-ашты кабыл алуунун бузулушунан келип чыгат, ал эми адамдардын 26%ы ушул себептен улам жанын кыят. Бирок оорулуулардын 20%ы гана дарылануудан өтөт.          

9-класска чейин мен тамак-ашты кабыл алуунун бузулушу жана анорексия тууралуу уккан да эмесмин. Арыктагысы келгендер ар кандай оң нерселерди жасап, аракет кылышат деп ойлогом. Бирок мен жаңылган экенмин.

Баары кантип башталды?

Менин окуям мектептен эле башталган. Мен Бишкектеги №12 мамлекеттик гимназиядан окугам. Адам негизинен мектепте калыптанат деп ойлойм, анткени ал окуу жайында өмүрүнүн 11 жылы өтөт эмеспи. Айлана-чөйрөбүздөгү адамдар  бизге жакшы жагынан да, жаман жагынан да катуу таасир берет деп эсептейм.  Азыркы учурда мектептеги балдар ачуулуу, өз сөзүнө жооп бере алышпайт. Ошолордун бири менин классташым болуп чыкты.

9-класс кезим өмүр бою эсимде калды.  Математика сабагынан берген мугалим кечигип келди, биз ар кайсыны сүйлөшүп, чурулдап отурдук. Бир калссташым жанымда турган. Бири-бирибизге ар нерсени айтып, тамашалашып аттык. Бир убакта тамаша сөздөрүбүз катуулап, орой  сөздөргө өтүп кетти. Андан бир-эки мүнөттөн кийин классташым  «Жама, сен өзүңдү күзгүдөн көрдүң беле? Сен менден үч эсе чоңсуң» деп  бүт класска угуза айтты.

Унчукпай эле отуруп калдым. Ички дүйнөмдө бир нерсе үзүлүп кеткендей болду. Классташым айткан сөз чын болчу, буга чейин маани бербегенге аракет кылчумун.

Ошондон кийин менин турмушум «ошол окуяга чейин» жана «ал окуядан кийин» деп экиге бөлүнүп калды.  Анын айткандарынан кийин өзүмдү күзгүдөн таптакыр башка көз менен карадым. Мен эч убакта арык болгон эмесмин, жаралгандан эле сөөк-саактуумун, боюм болсо — узун. Ал эми өспүрүм куракта май басып, толуп кеттим.

Бирок тамакты көп деле жечү эмесмин, кадимкидей, мен курдуу балдардай эле тамактанчумун. Балким, ал өткөөл курак болсо керек.      

«Суусундук диетасы», дары-дармек, психиканын жана ден соолуктун жабыркашы

Мектепте сабак башталар алдында бир бөтөлкө апельсин ширесин иччүмүн. Үйгө келгенден кийин да бир бөтөлкө шире иччүмүн. 14 күн ушундай диетада отурдум.

Классташым менен урушуп кеткендин эртеси күнү Интернеттен тез арыктоонун жолун издедим. Тамактан таптакыр баш тартып, суусундук эле ичмей болдум. 15 жашымда боюм 168 см, ал эми салмагым 78 килограмм. Бир күнү курбум «Сен мындай жүрүш менен, эмне жаныңды кыймак белең? Балким «суусундук диетасын» кармап көрөрсүң» деп калды.    

Үйгө келгенден кийин арыктоонун суусундук диетасы тууралуу маалымат издей баштадым, мага ушул ыкма жардам бере тургандай болду. Суусундуктун бардык түрүн — суудан баштап сорпого чейин ичсе болот экен.  Бирок тез арыкташ үчүн суу менен шире гана иче турган болдум.

Ошентип,  2 жумада 9 килограмм салмактан арылдым. Муну тегерегимдегилер да сезе баштады. Моделдерге же арыктаган кыздарга карабай эле, күзгүдөн өзүмдү көрүп, тааныштарымдын мактоосуна маашырлана баштадым. Алар «Ай-ий, арыктап калыптырсың!», «Бетиң аябай кичинекей болуп калыптыр!» деп айткан сайын, өзүмдү жакшы сезе баштадым.  

Улам арыктаган сайын, дагы арыктагым келе берди. Таттууну жакшы көргөн жаным, бир күндө үч печенье, экинчи күнү эки шоколад эле жеп алсам эмне болот дедим. Беш ай ошентип тамактандым. Андан кийин салмагым 52 кг га түштү.  

Досторум, үй-бүлүм, мугалимдер тынчсыздана баштады. Мени эч ким ушунчалык арыктайт деп ойлогон эмес эле. Ал учурда  «Ооруп калган жоксуңбу? Эмне мынча арыктап кеттин?» деп сурай башташкан.  Бирок анда арык, оорукчандай болуп көрүнгөн сонун деп жүрчүмүн.     

Үйдөгү бир майрамдан кийин туугандар абдан арыктап кеткенимди апама айтып, ооруган жокпу деп сурап жатышты.  

Апамдын жанында дайыма эле жүргөндүктөн, ал арыктаганымды деле анча байкабаптыр. Туугандарыбыз айткандан кийин гана билип, катуу кайгыра баштады.

Ошол убакта ичти алган жана тез заара кылдыруучу каражаттар тууралуу биле баштагам. Эгер кадимкидей тамактанып ала турган болсом, ичти ала турган же заараны тез келтирген дарыларды ичип алчумун.

Ошентип, тамактануудан корко баштадым. Эгер күнүнө үч печеньеден ашык жеп койсом, өзүмдү-өзүм жектечү болгом. Жиним келип, ыйлап, салмак кошуп албаймынбы деп кабатырлана берчүмүн.

Тамакты аз ичсем деле ичти ала турган дары-дармектерди иче бердим.  Бирок дайыма эле тамак ичким келип турчу, ошондон улам жиндене бердим. Досторум да муну даана байкашты.  Ачуулуу болуп, кимдир-бирөө менен урушкум келип турчу. Ал учурда апам менен да мамилем кыйындап кеткен.  Кийим-кече тандоо эле машакат кез болгонун апам да айтып калат азыр.

Жетишсиз тамактануу, жинимдин келиши менин ден соолугума да залакасын тийгизди. Этек кирим 7 айга жакын келбей калды. Андан кийин коркуп кетип, апама айттым. Ал мени клиникага алып барды.

«Ошол учурда шок болдум, бирок кызымды урушкан жокмун. Врачка жазылып, кийинки күнү алып бардым. Бул диетанын кесепети, организмде витаминдин жетишсиздигинен болгонун түшүндүм» деди апам.  

Врачтын кабинетине барганда, аябай коркконум эсимде. 35-40 жаштардагы орус аял «Салмагың канча?-деп сурады.

-52 килограмм.

Ал таблицасын карап туруп «16 жашыңда сен 56» килограммдан кем болбошуң керек» деди. «Эгер туура тамактанбасаң, эне боло албай, эч кимге керегиң жок болуп каласың» деп катуу айтты.

Мага ал гормоналдык дары, ийне саюу жазып берди. 4 жолу ийне алгандан кийин 5 килограмм салмак коштум. Ден соолугум калыбына келди.      

Наталья Владимировна аттуу ал эндокринолог-врачка ыраазы болом. Ошол убакта балалыгым менен,  аны жек көргөн элем. Эгер врач ошондо коркутуп койбогондо, дагы арыктай берип, аягы эмне болмок деп коркуп кетем.

Анын айтымында, 14-17 жашар кыздар жакшы тамактанып, ден соолугун караш керек. Мына ушул учурда өспүрүм кыздардын организми эне болууга даярданат.  

«Жамилянын боюна салыштырмалуу салмагы аз болчу. Ичинин ылдый жагын УЗИге тартып,  органдары кичирейип кеткенин көрдүм.  Арыктайм деп, көп кыздар ушунтип ден соолугун бузуп алышат. Алты айдан ашык этек кири келбесе, ден соолук жабыркайт» деди врач.   

Дарылануу    

11-класста туура эмес кылып жатканымды, жакшылап тамактаныш керек экенин түшүндүм, бирок эч нерсе жасай албадым. Кээде азыр да тамактануудан корком.  Ал эми айоым учурда элдин жашоо үчүн тамактанып жатканын көрүп, мен да тамактанышым керек экенине ынанам.  

Университеттин биринчи курсунун аягында атам ооруп калды. Анын жүрөгү ларттуу экен. Ошол учурда кайгыдан улам кайрадан салмак кошо баштадым. Буга катуу капа болдум. Убакыт өтүп, университетте досторум пайда болду. Аалар менен окуп, көңүл ачып, ашыкча салмакка анчалык деле көңүл бөлбөй калдым. Досторум менен шашпай, тамактана алам, бирок тамакты ичип бүткөндөн кийин өзүмдү жемелемей, таразага кайра-кайра түшө бермей адатым калган жок.

Азыр 2021-жыл, мен 21 жашка чыктым, бирок баарынан толук кыз болуу коркунучу дагы эле бар. Балким ал коркунуч дегеле кетпейт болуш керек.

Жамиля Асанова, Борбор Азиядагы Америка университети

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты