Анкарада Бишкектеги “Ата түрк” паркын реконструкциялоо долбоору талкууланды  

  • 2 дня мурун

16-сентябрда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин  Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар Мансур Яваш баштаган Анкара мэриясынын делегациясынын июль айында Бишкекке иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты.

Элчи Казакбаев Бишкекте кол коюлган Жол картасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялар ортосунда тажрыйба алмашуу программасына жана “Бишкек наабайкана” муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурду.

Мансур Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору буга чейин Анкара шаардык кеңешинен макулдук алганын айтып, кыргыз тарап менен кызматташууну жигердүү улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулардын алкагында жигердүү кызматташууну жана Бишкек шаарынын мэринин Анкарага иш сапарын уюштурууну макулдашты.

Сүрөт: КР ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты