Америкадагы Флорида штатын коркунучтуу бороон каптоодо

  • 1 неделя мурун

АКШдагы Флорида штатын коркунучтуу «Хелен» бороону каптады. BBC АКШнын бийлигине жана синоптиктерине шилтеме берип, «жолундагылардын баарына өлүм коркунучун туудурган күчтүү «Хелен» бороону жума күнү кечинде Мексика булуңунан чыгып, АКШнын Флорида штатына жеткенин» жазды.

Маалыматта айтылгандай, Америкалык Улуттук бороонду изилдөө борбору «Хеленди» 4-категориядагы — «эң коркунучтуу» бороон деп атаган.

«Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосуна жакын пресс-конференцияда Тампа аймагында азырынча бир адамдын өлүмү белгилүү болгонун билдирди. Ошол эле учурда бороондун «көзү» Тампадан болжол менен 150 чакырым батыш тарапта өткөн»,- деп жазган ВВС.

Сүрөт: ВВС орус кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты