Алматы облусунда күйдүргүгө шектелген төрт учур катталды

  • 2 недели мурун

Алматы облусунун Уйгур районунда күйдүргү оорусуна шектелген төрт учур катталганын аймактык инспекцияга таянуу менен «Информбюро» басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, мал ветеринардык кызматка алдын ала кабарланбай союлгандыктан, иликтөө иштери татаалдашкан. Оорунун себептерин билүү үчүн адистер мал союлган жерден анализге үлгү алышкан.

12-августта аталган аймакта малдарды сибирь жарасына каршы эмдөө иштери жүргүзүлгөнү айтылат. Ал жакта дезинфекциялоо иштери аяктады.

Оору чыккан жеке чарбаларындагы бодо малдар карантинге алынган.

Казакстандын айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Казакстандын төрт облусунда — Акмоло, Жамбыл, Түркстан жана Карагандыда күйдүргү оорусу катталган. Илдет жуктургандардын арасынан бир киши каза болгон.

Күйдүргү — кишиге малдан жугуучу жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Оорунун очогу 100 жылга чейин ачылбай, адистер жылына эки ирет дезинфекциялап турушу зарыл.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты