Алга Кылычевдин оор абалда ооруканага жаткырылганы айтылды

  • 1 неделя мурун

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевдин абалы оор болуп, Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылганы маалымдалды.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

Алга Кылычевдин 4-сентябрга белгиленген соту болбой калдып, 12-сентябрга саат 11:00 гө жылдырылган.   

21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Т. Шанкаев КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды.

Алга Кылычевдин ден соолугу начар экени, абакта дары ичип жатканы айтылып келет.

Алга Кылычев «Азаттыкка» комментарий берип, беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын саясий куугунтук деп эсептей турганын айтты.

«Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген судья он жылга эркиндигимен ажыратты. Сотто көрсөтмө берген «Альфа» атайын кызматынын кызматкерлери да, милиция кызматкерлери да мени көрбөгөнүн, тааныбасын айтышкан болчу. Бирок судья мунун бирин да эске албай, мени 10 жылга кести. Мен билип турам, бул саясий чечим. Бийлик Бакиевди актап, Кыргызстанга алып келгиси келип жатат. Апрелчилерди сатып алуу аракети болуп жатат деп, мен катуу каршы туруп жатканым буларга жаккан жок. Ошондуктан, саламаттыгыма, жашы жете элек алты балам бар экенине карабай, мени камап атышат» деди Кылычев.

Активист Алга Кылычев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши 2022-жылдан бери сотто каралып келген.

Сүрөт: Сот процессинде. 4-сентябрь, 2024-жыл. Алга Кылычев. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты