Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесүү өкүмү күчүндө калтырылды

  • 4 недели мурун

Чүй облустук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесүү тууралуу Аламүдүн райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Бул тууралуу “Азаттык” Алга Кылычевдин адвокаты Жанат Гүлжигитов билдирди. Адвокат бул чечим боюнча Жогорку сотко апелляцияык арыз берилээрин айтты.

21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Т. Шанкаев КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды.

Активист Алга Кылычев 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, алты айга чукул Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши 2022-жылдан бери сотто каралып келген.

Сүрөт: Сот процессинде. 4-сентябрь, 2024-жыл. Алга Кылычев. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты