«Альфа Телекомго» (MEGA) жаңы башкы директор дайындалды

  • 2 месяца мурун

10-июлда  “КР мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” (“Альфа Телекомдун” 100% акциясынын ээси) акционерлеринин кезексиз жыйыны  болуп, анда башкы директорду алмаштыруу маселеси көтөрүлгөн. 11-июлда Эльнар Субакожоев башкы директор кызматына отурат.   

Башкы директор Эльнар Субакожоев  2021-жылдан бери коммерциялык директор катары   MEGA компаниясынын коммерциялык блогун жетектеп келген. Байланыш тармагына кошкон салымы үчүн Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы жана төш белгиси менен сыйланган.

2005-жылы ал АКШнын Теннеси штатынын White County High School мектебинен окуган. 2012-жылы Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян Университетин аяктап, жогорку билимге ээ болгон.

Эльнар Субакожоев 2009-жылы “Альфа Телекомдо” оператор болуудан баштап, коммерциялык бөлүмдүн директорлугуна чейин көтөрүлгөн.  2017-2018-жылдары мамлекеттик байланыш агенттигинин директору, 2018-2019-жылдары тейлөө департаментинин жетекчиси, 2019-2012-жылдары “Манас” эл аралык аэропортунун коммерциялык директору болуп иштеген. 2021-жылы кайра “Альфа Телекомго” келген.   

Буга чейинки башкы директор Айбек Куренкеев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты