Алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды

  • 7 дней мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) К.Р. аттуу жаран 24-августта кайрылып, анда “В.” аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Себеби 2023-жылдын жай мезгилинде жабырлануучунун ишеничине кирип, тепкич жана дубал панелдерин жасап берем деген шылтоо менен, 450 миң сомун алып, убадасын аткарбай кеткенин билдирген.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.  

Аталган факт боюнча Октябрь РИИБ тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1972-жылы туулган П.В., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сүрөт: Октябрь РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты