Аламүдүн районунун Арашан айылындагы маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 3 часа мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жалпы аянты 0,62 га, болжолдуу баасы 126 млн.сомду түзгөн маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз чыгарылган токтомунун негизинде иштеп жаткан маданият үйү жеке пайдаланууга берилип, кийин ал жеке жак тарабынан мыйзамсыз сатылып алынгандыгы аныкталган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, имараттын ээси өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү