Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы буга чейин жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта “Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 млн.сомдон ашык бааланган жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди” деп айтылат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты