Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды

  • 3 часа мурун

21-октябрда саат 21:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине көчөдөгү жаран Кой-Таш  айылында төртөө урушуп жаткандыгы боюнча кабарлаган. Окуя болгон жерге кызматкерлер барган учурда, жаракаты бар 40 жаштардагы кишинин сөөгүн табышкан.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул факты боюнча  кылмышка шектүү катары чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен 1990-жылы туулган У.Б. жана 1976-жылы туулган К.П. аттуу жарандар — бири качып бара жатканда, бири үйүнөн кармалган.

Учурда кылмышка шектүү экөө Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, дагы бири изделүүдө.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты