Алайдагы «Алымбек-Датка» парк аймагы мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Алай районунун аймагында жайгашкан «Алымбек-Датка» атындагы сейил багына таандык жер тилкесинин бир бөлүгү мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Алай районунун айрым тургундары мурда райондук мамлекеттик администрациянын кызмат адамдары менен болгон байланыштарын пайдаланып, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын токтомунун негизинде 1999-жылы Гүлчө айыл аймагында  жайгашкан «Алымбек-Датка» сейил багына таандык болгон 13 сотых жер тилкесинин бир бөлүгүн жеке менчикке менчиктештирген. Учурда аталган участокто коммерциялык имарат бар.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 13 сотых жер участогу ыктыярдуу тартипте мамлекетке кайтарылды. Жер тилкесинин жана кошумча курулуштун базар баасы 20 миллион 466 миң сомго бааланууда.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты