Алайда мөңгүнүн талкаланышы боюнча кылмыш иши козголду  

  • 6 дней мурун

Башкы прокуратура тарабынан “К.К.” аттуу мамлекеттик ишкананын «Түштүк» филиалынын кызматкерлеринин Ош токой чарбасынын “Загара-2” участкасында жолду мыйзамсыз кургандыгынын натыйжасында, 9392 м2 аянттагы мөңгүлөр талкаланып, жер кыртышы бузулгандыгы аныкталган.

Бул мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында экологиялык коопсуздук талаптары бузулган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 298-беренеси (Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты