Алай районунда жер титиреди
- 1 день мурун
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 20-октябрь күнү саат 23:44тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү