Алай районунда жер титиреди

  • 2 недели мурун

Улуттук Илимдер академиясына караштуу Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-сентябрь күнү саат 12:45те Кыргыз Республикасынын аймагында, очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Маалыматта айтылгандай, жердин титиреши Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Бор-Дөбө айылынан 10 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты