Ала-Бука-Чаткал жолу: Жыл аягына чейин 70 чакырымы бүткөрүлөт

  • 1 месяц мурун

170 чакырымдай келген Ала-Бука-Чаткал жолунун 25 чакырымына асфальт төшөлдү. Жыл аягына чейин жолдун дагы 70 чакырымын бүтүрүү күтүлүүдө. Калган 100 чакырымы кийинки жылы бүткөрүлөт.

Буга кошумча Талас облусуна ашкан 19 чакырымдык жолго да асфальт төшөлүп, аймактар аралык каттам ишке киргизилет.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Чаткалга Талас аркылуу жолдордун абалын менен таанышкан сапарында белгилүү болду.

Төраганы депутаттар Азизбек Турсунбаев, Жанарбек Акаев, Саидбек Зулпуев жана башка тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер коштоп барды. 

Сүрөт: Ала-Бука-Чаткал жолу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты