Ала-Арчадан Бишкекке сел коркунучу жаралышы ыктымал  

  • 2 месяца мурун

Улуттук Илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору Догдурбек Чонтоев Бишкекте сел кубулуштарынын туу чокусу болжол менен июль айынын 3-декадасынан августтун 1-декадасына чейин башталышы мүмкүн экенин белгиледи.

Бул тууралуу ал Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги астында жарандык коргонуу боюнча штабдын жыйынында айтты.  

Догдурбек Чонтоев Адыгене көлү коркунуч туудурбайт, бирок булак тобокелдиктердин  боло турган тайыз көлдөр бар экенин билдирди.

Ал ошондой эле сел кубулуштарынын туу чокусу болжол менен июль айынын 3-декадасынан августтун 1-декадасына чейин башталышы мүмкүн экенин, буга байланыштуу кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдүк кылуучу кызматтар тарабынан тийиштүү иштерди улантуу зарылдыгын кошумчалады.

Отурумдун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Жунушалиев шаардык кызматтарга, төрт район акимдерине, күч түзүмдөрүнө жана өзгөчө кырдаал, коркунуч жаралган учурда Бишкек шаарынын жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык иш алып барууну тапшырды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты