Ала-Арча капчыгайында туристтер куткарылды

9-сентябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынан түшүп келе жаткан 5 туристтин бири бутун сындырып алган. Ал куткаруучулар тарабынан бийиктиктен түшүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ал жерге саат 16:00дө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар токтобостон 10-сентябрда караган түнү менен деңиз деңгээлинен болжол менен 2800 метр бийиктиктеги тоодон атайы шаймандардын жардамы менен 1988-жылы туулган Т. А. аттуу аял кишини алып түшүп, күндүз саат 14:25те тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган турист Казакстан  жараны болгон. Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес.

Социалдык тармак колдонуучулары мындай куткаруу учурунда тик учак пайдаланылса деген ойлорун билдиришүүдө.

Сүрөт: Видеодон

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты