“Акыркы окуялардан сабак алуу керек”. Акылбек Жапаров Ошто селдин кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты  

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарында болгон селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, МинКаб төрагасы Жаңы-Маала айылындагы Ахмаджан-Ата көчөсүн, борбордук базардын жана Навои атындагы эс алуу жайдын, ошондой эле Кара-Сымак жана Бодур-Таш айылдарын көрүп чыкты. 

Ош облусунун аймагында селдин кесепеттерин жоюуга – 580 жарандык коргонуу тармагынын өкүлдөрү, ал эми Ош шаарында – 530 адам, аны менен катар 30дан ашык атайын техника тартылган.

Акылбек Жапаров борбордук базардын соодагерлери менен сүйлөшүп, алардын суроолоруна жооп берди. 

Андан соң Ош облусунда жана Ош шаарында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Учурда аткарылып жаткан иштер боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, шаар мэриясы маалымат беришти. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы облустун жана шаардын инфраструктурасын калыбына келтирүү, ошондой эле турак жайларга, социалдык объектилерге жана инфраструктуралык объектилерге жана ишкерлик жүргүзгөн субъекттерге келтирилген зыяндын эсеби боюнча тиешелүү зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, үйлөрүнөн эвакуацияланган жарандарды убактылуу турак жай менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

“Президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан курман болгондордун жакындарына көңүл айтабыз. Бүгүн селден жабыркаган объектилерди карап чыктым. Базарда иштеген соодагерлерге тиешелүү комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды иликтөө зарыл. Ишкерлерди колдоонун механизмдерин иштеп чыгуу зарыл” деди ал.

“Коопсуздук чараларын максималдуу түрдө күчөтүп, калкты табигый кырсыктардан коргоо зарыл. Акыркы окуялардан сабак ала керек. Жергиликтүү бийлик дарыяларга жакын жайгашкан жерлерди жана сел жүрүүсү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жайгашкан эс алуучу жайларды иретке келтирүү маселелерин тартипке келтирүүсү зарыл” деди Акылбек Жапаров.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты