Акылбек Жапаров Орусияга иш сапар менен барат

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-10 -июль күндөрү иш сапар менен Орусиянын  Екатеринбург жана Красноярск шаарларына барат. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Екатеринбург шаарында МинКаб башчысы Орусиянын  өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен бирге «Технологиялык өнөктөштүк: эл аралык бизнестин чордону» темасында ИННОПРОМ 2024 негизги стратегиялык сессиясына катышуусу күтүлүүдө. 

Ал эми Красноярк шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жаа гуманитардык кызматташтык боюнча  Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумуна жана Кыргызстан-Россия региондор аралык 11-конференциясына катышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты