Акылбек Жапаров Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу өкүлү менен жолукту

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Ооганстандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Амин жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун багыттарын талкуулашкан.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, ошондой эле Ооганстандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты