Акылбек Жапаров Ноокаттагы өзгөчө кырдаал кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Ноокат районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты. 

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.

Акылбек Жапаров каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө барып, президенттин жана Министрлер кабинетинин атынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Андан ары МинКаб төрагасы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү мекемелерге өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана кесепеттерин жоюу жапа чеккендерге зарыл жардамды көрсөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. 

 «Мамлекет өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез жана натыйжалуу жоюу үчүн бардык керектүү ресурстарды берет.  Жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз” деди Акылбек Жапаров.

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Апшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Апшыр- Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган.

Селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9 кишиге жетти.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты