Акылбек Жапаров өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы курулуп жатканын белгиледи

  • 4 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы курулуп жатканын белгиледи.

Бул тууралуу ал президенттик администрациясынын кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда билдирди.

Акылбек Жапаров ошондой эле Moody’s, Standard & Poor’s жана Fitch агенттиктеринин суверендүү рейтингдеринде Кыргызстандын позициясын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

МинКаб Төрагасы республика 2030-жылга чейин БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши, ошондой эле 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн 30 млрд долларга жеткирүүсү керектигин эске салды.

Сүрөт: gov.kg


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты