Акылбек Жапаров Кытайдын Үрүмчү шаарына барды

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарына барды. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай — Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө катышып, сөз сүйлөйт. Анын жүрүшүндө ЭКСПОго катышкан өлкөлөрдүн делегация башчылары менен жолугат, ошондой эле көргөзмөгө коюлган дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын продукциялары менен таанышат жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн күркөсүндө болот. 

Ошондой эле Акылбек Жапаров КЭР СУАРдын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп эки тараптуу кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. 

Мындан тышкары ал Кытайдын бизнес-коомчулугунун жетекчилери менен жолугат. 

Андан соң Акылбек Жапаров КЭР СУАРдын Хами шаардык округуна барып, ири компаниянын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышат.

Жумуш сапардын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты