Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты
- 2 года мурун
«Мегакомдун» мурдагы башчысы Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматына билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-июнда Октябрь райондук сотунда Акылбек Жамангуловдун бөгөт чарасы каралды. Соттун чечими менен бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
12-мартта Жамангулов Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган. №1 тергөө абагында камакка алынган. Шектүүнүн жактоочусу Канат Хасанов “Азаттыкка” ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айткан.
Муну бөлүшүү