Акыйкатчыга 30 жылдан ашык Кыргызстанда документи жок жүргөн эстониялык жаран кайрылды

  • 6 дней мурун

 
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага 32 жылдан бери Кыргызстанда документи жок жүргөн 50 жаштагы Г.Ю.В аттуу эстониялык жаран кайрылган.

Анын айтымында, Кыргызстанга 1992-жылы СССРдин паспорту менен келип, бир канча убактан кийин документтерин жоготуп жиберген.

Документтерин калыбына келтирүү үчүн Эстониянын тиешелүү  мамлекеттик органдарына электрондук кат аркылуу бир нече ирет кайрылган.

Анын билдиришинче, Кыргызстанда аталган өлкөнүн элчилиги жок болгонуна байланыштуу, Эстониянын Казакстандагы элчилигине да кайрылып, жооп ала алган эмес.

Документтерин жоготуп жибергендиктен, өз өлкөсүнө кайрылып кете албай калган.  

Ал ушул күнгө чейин, күнүмдүк жалданма жумуштарды жасап жан багып келет. Учурда, Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айылында жашап жатат.

Г.Ю.В Акыйкатчыга кайрылып, Кыргызстанга көнүп, дос-тааныш таап калганын айтып, кыргыз жарандыгын алып берүүгө көмөк көрсөтүшүн өтүнгөн.
“Мен отуз жыл аралыгында документтеримди калыбына келтирүү үчүн болгон аракетимди жасадым. Бейтааныш өлкөдө документи жок жашоо мен үчүн абдан кыйын болду. Өз өлкөмө кете албай калып, кандай гана кыйынчылыктарды башымдан өткөрбөдүм. Кыргызстандын ар кайсы аймактарында иштеп, жан багып жүрдүм. Азыр Кыргызстанга көнүп, кыргыз жарандыгын алып, бул жерде эле калгым келет”деди ал.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Эстониянын Казакстандагы элчилигине кат жөнөтүп, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып берүүнү өтүнгөн. Оң жооп ала албаганына байланыштуу, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине да кат жолдогон.

Акыйкатчы Институнун демилгесинин негизинде тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдарына кайрылуу жолдоп, Г.Ю.В менен видео байланыш уюштурушкан.

Видео байланышта Г.Ю.В өзүнүн Эстонияда туулгандыгын, ата-энесинен жаштайынан ажырап, балдар үйүндө тарбияланганын айткан. Ал балдар үйүндө бир тууган эжеси менен тарбияланып, кийин мектепти аяктагандан кийин, Кыргызстанга келгенин айтып берди.

Белгилей кетсек, Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдары тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы күндөрү Эстония Г.Ю.Внын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берет деп үмүттөнүп жатабыз.

Сүрөт: Эстония. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты