Акыйкатчы Жоомарт Карабаевдин кысымга кабылганы тууралуу билдирүүсү боюнча башкы прокуратурага кайрылды

  • 2 недели мурун

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 19-сентябрда №1  тергөө абагына барып, кармоо шарттарына мониторинг жүргүздү. Акыйкатчы институнун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагындагы Жоомарт Карабаевден кабар алышты.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, жардам сурады. Анын айтымында, тергөө учурунда ага күч колдонулган.

Карабаев №1 тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанган эмес. Аны менен бир камерада дагы 7 киши олтурат. Ал эки жарым айдан бери камакта кармалууда. 

Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылды. 

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана алардын ишин тыкыр иликтөөгө чакырат.

Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кысымга кабылып жатканы тууралуу жазган каты социалдык тармактарга таркаган.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн кысымына кабылганын айтып,  Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Жоомарт Карабаев кайрылууда мамлекет башчыдан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин  өз көзөмөлүнө алууну суранган.    

Кайрылууну Карабаев жактоочусу Акынбек Ногойбаев берген. Аны  укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевди 19-сентябрга чейин камакта калтырды.

Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан.

Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаев кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыпталган. Адвокат аталган берене боюнча кылмышка шектенүүгө негиз жок деп эсептейт.  

Сүрөттө: Жоомарт Карабаев. «Кылым шамы» уюму тарткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты