Акыйкатчы Нарында күйөөсү бычактаган келиндин окуясын көзөмөлгө алды

  • 2 недели мурун


Акыйкатчы Нарын шаарында күйөөсү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген келиндин окуясын жеке көзөмөлүнө алды.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда Нарын шаарындагы соода борборунун биринде жайгашкан ашканадан 42 жаштагы эркек киши аялынын мойнуна бир нече жолу бычак сайып жиберген видео таркаган.

Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлү жолдошу тарабынан бычакталып, оор абалда облустук ооруканада жаткан келинден кабар алды.

Маалым болгондой, келиндин мойнуна жана денесинин ар кайсы жерлерине бир нече жолу бычак сайылган.

Жабырлануучунун айтымында, жолдошу ага буга чейин да зомбулук көрсөтүп келген. Ошондуктан, келин ушул жылдын июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткен.
Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар. Балдары учурда, жабырлануучунун инисинин кароосунда.

“Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем” деди жабырлануучу.

Шектүүгө кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 2-бөлүгү (Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү-башка кишинин өмүрүн кыюга аркеттенүү) беренелери менен кылмыш иши козголду.

Нарын райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын аныктап, ал 30-октябрга чейин тергөө абагына киргизилди.

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүүдө. Келинге узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат. 

Аялын бычак менен сайып жиберди деп кармалган 42 жаштагы жаран Нарын шаардык сотунун 1-сентябрдагы чечими менен убактылуу кармоочу жайга эки айга камалган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты