Акыйкатчы күйөөсүнөн зомбулук көрүп, ооруканага түшкөн келинден кабар алды

  • 6 дней мурун

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү күйөөсү тарабынан зомбулук көргөн 22 жаштагы келинден кабар алып, анын апасы менен сүйлөштү. Ал эми акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды келиндин укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып ооруканага түштү. Мыкаачылык анын жаш балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл”,- деп билдирген Жаманбаева.

Маалыматта айтылгандай, институттун кызматкерлери жабыр тарткан келинден кабар алышкан. Сокулук райондук ооруканасынын директору Эркинбек Осмоналиев жабырлануучунун абалы орточо оор экендигин айткан. “Жаш келин катуу сабалган, денесинин баары көгала, гематома. Санында учтуу нерсе менен кесилген жаракат бар, андан тышкары мээси чайкалып, чапталган тырмактары жулунган. Баш мээ менен бөйрөктүн ур-токмоктон жабыркашына дагы шек бар, аны томографиянын жыйынтыгы көрсөтөт”, — деген дарыгер.

Ошондой эле мекеменин кызматкерлери жабыркаган келиндин апасы менен сүйлөшүшкөн.

«Анын айтымында, кызы 16 жашында турмушка чыккан. Күйөөсү менен жакында эле миграциядан кайтып келишкен. Үй-бүлөнүн эки кызы бар: алты жана үч жашта. Алар учурда апасынын туугандарында. Тайенеси неберелери зомбулукка күбө болгонун айтат. Жабырлануучунун апасы күйөө баласына катаал жаза берүүнү талап кылат»,- деп айтылат мекеменин маалыматында.

Келиндин апасы: “Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок, “апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коём” деп шантаж кылып, коркутуп жүрчү экен. Кыздарынын көзүнчө аялын сабап, кыйнап, анын баарын видеого тартыптыр. Мен азыр кызымдын гана ден соолугун ойлоп турам. Күйөөм балам өз колу менен жасаганын керт башы менен тартып, жазадан кутулуп кетпеши керек”, — деп маек берген.

Эске салсак, 29-октябрь күнү Чүйдүн Сокулук районунда 22 жаштагы келин тез жардам кызматы менен оор абалда ооруканага түшкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда шектүү катары келиндин күйөөсү кармалганы айтылган эле.

Акыйкатчы Институту окуя 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү болгонун, ал эми келиндин күйөөсү, 25 жаштагы К.М.га Кылмыш-жаза кодексининин “Уруп сабап кыйноо” беренеси (138- берене, 2 п. 2 п.) менен иш козголгонун билдирди.

«Чуй облустук Сокулук райондук сотунун 2024-жылдын 30-октябрдагы токтому менен К.М. 2024-жылдын 27-декабрына чейин Бишкек шаарындагы №1 Тергөө абагына камалды»,- деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институту жабырлануучуга укуктук жардам көрсөтүү боюнча бардык керектүү чараларды көрүп жатканын, ошондой эле нституттун кызматкерлери бекер жактоочу менен камсыздоого жана психологиялык жардам көрсөтүлүшүнө көмөктөшөрүн билдирди.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты