Акыйкатчы ЕАЭБ мамлекеттеринде иштеген эмгек мигранттары менен пенсиялык келишим түзүү сунушун келтирди  

  • 2 месяца мурун

ЕАЭБ мамлекеттиринде мыйзамдуу иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн эмгек мигранттары пенсия жана пособия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган пенсиялык келишим түзүү маселесинин үстүндө иштөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз.

Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда, Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин Адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында билдирди.  


Мындан тышкары, Акыйкатчы институту Россиянын, Казакстандын Акыйкатчы институттары жана Беларустун мамлекеттик органдары тарабынан берилген аналитикалык материалдардын маалыматтарын чогултуп, жалпылашты.
Анын жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттарына мигранттардын укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдаган.

Атап айтканда, төмөнкү сунуштар айтылды:

ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында иштеген жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана жашы жете электерге милдеттүү медициналык кароодон өтүү үчүн куракты 6 жаштан 14 жашка чейин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароо.

Тараптарга пенсиялык келишим түзүү маселесин иштеп чыгуу сунушталсын. Ага ылайык мыйзамдуу негизде иштеген жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн тараптардын мамлекеттеринин жарандары пенсияларды жана пособиелерди жашап, иштеген жеринен жана Кыргыз Республикасынын аймагынан да алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Буга чейин Акыйкатчы Жаманбаева 2024-жылдын февраль айында Адам укуктары боюнча комиссиянын жыйынында КМШ өлкөлөрүнүн миграциялык мыйзамдарына талдоо жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу сунуш киргизген. Комиссия мүчөлөрү бул сунушту колдошту.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүн пенсия менен камсыз кылуу туруктуу жашаган мамлекеттин мыйзамдары, ошондой эле, эл аралык келишимге ылайык жөнгө салынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты