Акыйкатчы Айтургандын өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды

  • 2 месяца мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу ишти өз көзөмөлүнө алды.  

Бул тууралуу ал “Азаттыкка” 11-июлда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы берген маегинде билдирди.

Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.

Социалдык тармактарда Айтургандын видео тасмалары жарыяланып, буга чейин кандай зомбулук көргөнү тууралуу айтылууа.  

Маркумдун жакындары ал дары ичип алып, өз жанын кыюуга барды дегенге ишенбей тургандарын, ал күйөөсүнүн зомбулугунан каза тапкан деп айтып жатышат.     

Ишти учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирүүдө. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты