Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееваны “Эң туруктуу журналист” жана “Жаш журналист” номинациясында Free Press Awards эл аралык сыйлыгына көрсөттү.

Free Press Awards эл аралык сыйлыгы эркин журналистика жана көз карандысыз маалымат тарапта болгон журналисттерге жана жалпыга маалымдоо кызматкерлерине берилет. Анын жеңүүчүлөрү сентябрь айында белгилүү болот.

Иликтөөчү журналист Актилек Капаров бир катар чуулгандуу ишиктөөлөрдүн автору Factcheck.kg жана Temirov Live долбоорлорунда иштеген. Андан кийин өзүнүн “Алга медиа” басылмасын уюштурган. Ал учурда камакка алынган.  

Айке Бейшекеева «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеген эң жаш журналист болуп саналат. Ал факт-чекинг  боюнча адистешкен журналист. Айке Бейшекеева да камакта жатат.

Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

   Актилек Капаров

Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева эл аралык сыйлыкка көрсөтүлдү

Айке Бейшекееева

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты