АКШда жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза тапты

  • 1 месяц мурун

Америкада жол кырсыгынан Кыргызстандын 38 жаштагы жараны каза тапты. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

«Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралында жол кырсыгынан Кыргыз Республикасынын 1986-ж.т. Б.С. аттуу жараны каза тапканын билдирет. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралат» деп айтылат маалыматта.

Б.С. аттуу жаран окуя болгон жерден көз жумган.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты