АКШда казакстандык жаран кредиттик карталардан акча уурдоого айыпталууда

  • 1 месяц мурун

Флоридада орусиялык Павел Кублицкий кредиттик карталардан акча уурдоого арналган WWH Club даркент-форумун жетектеген деген айып менен кармалды. Бул тууралуу  айыптоо корутундусунун материалдарына таянуу менен Court Watch билдирди.

Кублицкий менен бирге казакстандык Александр Ходырев дагы форумду жетектөөгө айыпталууда. Айыптоо корутундусунда анын кармалып-кармалбаганы айтылган эмес.

WWH Club форумунда 170 миңге жакын колдонуучу катталган. Ал жерден уурдалган кредиттик картанын маалыматтары аркылуу товарларды сатып алышат.Мындан тышкары банк эсептеринен акчаны кантип уурдоо керектиги боюнча көрсөтмөлөрдү сатып алып, DDoS жана спам чабуулдарын жасоого мүмкүн. Соттун маалыматы боюнча, ФБРдин жашыруун агенти уурдалган карталарды колдонуу боюнча курстардын бирин 1000 долларга сатып алган. Курста ал башка 50 адам менен бирге алты жумадан ашык убакыт окуган.

Маалыматтарга караганда, АКШга келген Кублицкий менен Ходырев эки жыл мурун башпаанек сурашкан. Экөө тең жумушсуздардын тизмесине киргизилген, бирок майкөл-сүткөл жашоодо жашашкан. Кублицкий Майамиде кымбат батирди ижарага алганы, ал эми Ходырев Chevrolet Corvette спорттук унаасын 110 миң долларга накталай акчага сатып алганы айтылууда.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты