АКШда Фетхуллах Гүлен дүйнөдөн кайтканы кабарланды
- 22 часа мурун
Коомдук жана диний ишмер агартуучу, Түркияда террористтик деп табылган FETO уюмунун башчысы Фетхуллах Гүлен АКШда кайтыш болду. Бул тууралуу анын жээни Эбуселем Гүлен социалдык тармактарда кабарлады. Түрк басылмалары да жазды.
Hem basına saldırıp olay çıkarıyorlar hem de babamı arayıp ebuseleme yüzünden olay çıktı diye hasta adamı üzüp öldürmeye çalışıyorlar. Arayın arayın. Siz öldürmeyi iyi bilirsiniz! Belli ki cevdetin gücü yetmiyor iş Mözcana kalmış.
— Ebuseleme Gülen (@EbuselemeGulen) June 1, 2024
Маалым болгондой, Фетхуллах Гүлен АКШнын Пенсильвания штатында ооруканада көз жумган. Ал бөйрөк дартынан жана кант диабетинен жабыркап жүргөн.
2016-жылы Түркияда Фетхуллах Гүленди мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпташкан. Андагы эки күндүк толкундоолордо 250 киши каза таап, 2,2 киши жаракат алгандан кийин, Анкар бийлиги АКШдан Гүленди ал өлкөдөн чыгарып берүүнү талап кылышкан жана Түркия бийлиги акыркы ФЕТО уюмунун мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылгыча куугунтуктай турганын билдирген.
Сүрөттө: Фетхуллах Гүлен. Интернет булактарынан