АКШда болгон «Милтон» бороону 16 адамдын өмүрүн алып кетти

  • 2 дня мурун

10-октябрдын кечинде АКШдагы Флорида штатынын батыш жээгин каптаган «Милтон» бороону ылдамдыгы секундасына 70 метрге жеткен шамал жана катуу жааган нөшөр менен кошо сел алып келди. Кырсык 16 адамдын өмүрүн алып кетти. Жабыркагандар улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазды.

Сент-Луси аймагында 5 адам, Сент-Питерсберг шаарында 2 адам каза тапкандыгы айтылды. Куткаруучулар дагы бир адамды коңшу аймактан, өзүнүн кыйраган үйүнүн астынан таап чыгышкан.

«Флорида штатынын губернатору Рон Десантис түштөн кийин өткөргөн пресс-конференцияда каза болгондор боюнча маалыматтар алдын ала экенин, ал эми бийликте кырсыктан жапа чеккен штаттын бардык тургундарынын жалпы тизмеси азырынча жок экенин баса белгиледи»,-деп айтылат маалыматта.

Катуу бороондон турак жайлар, чиркөөлөр, соода түйүндөр жана кеңселер талкаланган. Ошондой эле жолдор бузулуп, 3 млндой үй электр жарыгысыз, 250 миң тургуну бар калктуу конуштар суусуз калды калды.

Флорида штатынын бийлиги бороондон аман калуу үчүн башка жакка кеткен тургундарды үйлөрүнө кайра келүүгө шашпай турууга чакырууда.

Сүрөт: REUTERS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты