АКШ Украинага 700 миллион доллардан ашык каражат бөлүүдө

  • 7 дней мурун

АКШ Украинага энергосистеманы калыбына келтирүү, гуманитардык колдоо жана миналарды тазалоо үчүн 700 миллион доллардан ашык каражат бөлүүдө. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевдеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Украинанын энергетика системасын калыбына келтирүүгө 325 миллион доллар бөлүнөт, бул маселе G7+ тобунун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда да талкууланат. Дагы 290 миллион доллар гуманитардык жардамга — украиналыктарды, анын ичинде үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондорду ичүүчү суу, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоого бөлүнөт. Миналардан тазалоого АКШ 102 миллион доллар бөлөт.

Блинкен менен Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми 11-сентябрда эртең менен Киевге барышкан. Улуу Британия өз кезегинде Украинаны колдоо үчүн кеминде 800 миллион доллар бөлөрүн жарыялады.

АКШнын мамлекеттик катчысы украин жетекчилиги менен жолугушууда Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн алыскы аралыкка атуучу курал колдонуу маселеси талкууланганын билдирди. Буга чейин президент Жо Байден анын администрациясы «бул маселенин үстүндө иштеп жатканын» белгилеген.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты