АКШ Украинага 2,3 миллиард долларлык аскердик жардам жөнөтөт

  • 2 месяца мурун

АКШ Украинага 2,3 миллиард долларлык аскердик жардамдын жаңы топтомун жөнөтөт. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин Вашингтондо Украинанын коргоо министри Рустем Умеров менен жолукканда билдирди.

Азырынча аскердик жардамдын жаңы топтомуна эмнелер кирери белгисиз.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен «Америка авазы» радиосуна берген маегинде жакынкы убакта Украина үчүн абадан коргонуу системаларына байланыштуу жакшы жаңылык болорун айтты.

Reuters агенттиги америкалык аткаминерлердин бирине шилтеме кылып, жардамдын жаңы топтому тууралуу НАТОнун кийинки жумада өтө турган саммитинде жарыяланарын кабарлады. «Украиналыктар кошумча Patriots же ошого окшогон системаларды алууну каалап жатканын уксаңар керек. Бул боюнча аларга бизден жакшы жаңылыктар болот деп ойлойм»деген аткаминер.

Ллойд Остин менен Рустем Умеровдун Вашингтондогу сүйлөшүүсүндөгү негизги тема – Украина менен АКШнын ортосундагы аскердик кызматташтыкты бекемдөө болгону кабарланды.

«Остин жана Умеров мырзалар эки тараптуу аскердик кызматташтык менен аймактык коопсуздукту, ошондой эле Украина менен АКШнын ортосундагы коргонуу тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө маселесин талкуулады» деди Пентагондун басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх брифингде.

Июндун ортосунда АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын лидери Владимир Зеленский Италияда өткөн «Чоң жети» саммитинин алкагында жолугуп, коопсуздук тармагында кызматташуу жана Украинаны узак мөөнөткө колдоо жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. 10 жылдык мөөнөткө эсептелген макулдашууга ылайык, АКШ украин аскерлерин окутууну улантып, өлкөлөрдүн аскердик өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы бекемделип, чалгын маалыматтарын алмашуу кеңейтилет.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты