АКШ: Пенсильваниядагы ок атууда эки киши каза тапты. Дональд Трамп жарат алды

  • 2 месяца мурун

АКШнын Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ок атылды. Ал сөзүн токтотуп, аянттан чыгып кеткенин, ок аткан киши жана кеминде дагы бир адам каза тапканын аймактын прокурору билдирди.

Атышуу башталганда Трамп дароо отура калган, атайын кызматтын өкүлдөрү жана жансакчылар анын жанына жетип келип алып чыгып кеткен. Видеолордон анын оң кулагы канга боелгонун көрүүгө болот.

Республикачылардан президенттикке талапкер болгон Трамп Пенсильвания штатынын Батлер шаарында тарапкерлеринин алдында сүйлөп жаткан.

АКШнын атайын кызматынын байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Энтони Гульельми X социалдык тармагына Трамп «коопсуз жерде» деп жазды жана иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Трамптын өкүлү CNN телеканалына анын абалы жакшы экенин, жакын жердеги мекемелердин биринде медициналык жардам алып жатканын кабарлады.

Ок атуу Республикачылар партиясынын улуттук курултайына бир нече күн, шайлоого төрт айдан азыраак убакыт калганда болду.

Трамптын атаандашы, президент Жо Байден Трамптын дени карды соо экенине кубанып жатканын билдирди. Полиция ок аткан кишинин аты-жөнүн жана анын кадамынын себебин ачыктаган жок.

Булак: «Азаттык»

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты