АКШ: Флоридада “Милтон” бороону басаңдай элек  

  • 3 дня мурун

АКШда, Флорида жээгинде “Милтон” бороонунун кесепетинен үч миллиондон ашык адам электр жарыгысыз калды, эки адам каза болгонун Associated Press агенттиги жазды.

9-октябрда “Милтон” бороону, Сарасота округунан өтүп, түштүк-чыгышка жыла баштаган. Флорида жээгине жеткенде бороон жогору болгон беш баллдан үч баллга чейин төмөндөгөн. Бирок ошентсе да ал кыйратуучу бороон болуп калаарын АКШнын президенти Жо Байден билдирип, жергиликтүү калкты коопсуздук эрежелеринин бардыгын сактоого чакырды.  

Бороон алдында АКШнын президенти Байден Германияга сапарын токтоткон. Ал Берлинде Германия, Франция, Улуу Британиянын жана Украинанын президенттери менен жолугушмак.  

Сүрөт: AP  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты