АКШ: Аба ырайы эми калыбына келет. “Хелен” бороону 64 кишинин өмүрүн алды

  • 6 дней мурун

АКШнын түштүгүндөгү “Хелен” бороону 64 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.

30-сентябрда аба ырайы калыбына келет.

Бороон 27-сентябрда Флориданын жээктерине жетип, түндүк-батышка карай жылган, Жоржия, Түштүк, Түндүк Каролина жана Теннессиден өттү. Жамгырлуу нөшөрдөн улам суу каптап, жер көчкү пайда болду. Бороондун айынан бир нече миллион адам жарыксыз калды, ондогон жолдорго суу толуп жабылды.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, бороондун кесепетинен келип чыккан чыгым 110 миллиард долларды түзүшү ыктымал.  

Алгач бороонго беш категориянын ичинен төртүнчүсү ыйгарылган. Азыр бороон басаңдап, тропикалык шторм деңгээлине түштү.

“Хелен” бороону 2024-жылы биринчи жолу төртүнчү категорияга чейин жетти. 2023-жылы мындай бороон эки ирет болгон. Анда 14 кишинин өмүрүн алып, 4 миллиарддан ашык материалдык чыгым жараткан.  

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты